[PR] Gain and Get More Likes and Followers on Instagram.

#билипал

10 posts

TOP POSTS

#билипал #денсолукkg Формалинге чыланган тоок, окорочкалар жоон ичеги жана эмчек рагына алып келет

Негизи европада, Кытайда, дегеле чет өлкөдө эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин, дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок, гриль кыска убакыттын ичинде ден-соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да билгендер да аз.

Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир нечесин чоң идиштеги ар кандай кошумаларга чылашат. Кыргызстандагы тооктун этинин дээрлик көпчүлүгү чет өлкөдөн экспорттолот. Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизи санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "свежий" болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен өлтүрүлүп, гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40 % формальдегид, 8 % метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52 % суудан турат. Этти, тооктун денесин былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөккө олуттуу зыян келтирет. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок, жогорудагыдай ыкмалар дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей даамдуу болуп чыга келет.

Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.⤵⤵⤵⤵⤵⤵ #дастаркон
#денсоолук

Кесиптештериме эске салуу максатында,бул суротту чыгарууну туура чечтим)) 🎼 #билипал #музыкант #рэп #аткаруучу #Заманбап

АЙНЕК

Бөлмөнүн терезелерин же, көз айнектин айнегин тазалоодо арак колдонсоңуз болот. Ал үчүн 1 аш кашык аракка 3 аш кашык суу кошуп, аралаштырып, чүпүрөктү нымдап алып сүртүп чыгасыз. Бактерияларды өлтүрүп, эң мыкты тазалайт.

МУЗДАК КОМПРЕСС

Жараат алганда муздак комперсс абдан жакшы жардам берет. Андыктан, алдын ала бир стакан аракка бир стакан суу кошуп ,аралаштырып, калыңыраак желим баштыкка куюп, тондургучка салып коюңуз. Айрыкча күйүктөн алган жараатта жакшы жардам берет.

ЖАЛТЫРАК ЧАЧ ҮЧҮН

Алаканыңызга куйган шампунга бир аш кашык арак кошуп чачыңызды жуусаңыз, өңү жакшырып, жалтырак абалга келет.

ЖАБЫШТЫРГЫЧТАРДЫ ЧЫГАРАТ

Кургап калган жабыштыргыч каражатарды арак абдан жакшы чыгарат. Ал үчүн ошол жерге арак тамызып, бир нече мүнөт күтө туруңуз да ,андан кийин чүпүрөк менен сүртүп чыгыңыз. Эч кандай кыйынчылык жаратпайт.

УСАТАРАНЫ ЖАҢЫЛАЙТ

Күн сайын сакал алган усатараңызды стаканга арак куюп салып койсоңуз, миздери курчуп, тазаланып, бактериялардан арылатат. Дат бастырбайт

АСЕМ БУЮМДАРДЫ ТАЗАЛАЙТ

Кирдеп же өңү өчкөн асем буюмдарыңыздын үстүнө арак куюп, беш мүнөттөн кийин щётка менен тазалап коёсуз.

БУТ КИЙИМДЕГИ ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАН АРЫЛТАТ

Бут кийимдеги жагымсыз жыттан, бактериялардан арылтып, микробдорду өлтүрөт. Ал үчүн бут кийимдин ичине арактан чачып коюңуз. Бул ыкманы кечинде колдонуңуз ,анткени эртең мененкиге чейин кургап калышы керек. Мындан сырткары, бутуңузду самындап жууган соң ,арак менен чайкап койсоңуз жагымсыз жыты жоголот.

ГҮЛДӨРДҮН ӨМҮРҮН УЗАРТАТ

Үйдөгү карапага салынган гүлгө бир стаканга бир чай кашык кум шекер жана бир нече тамчы арак кошуп куюп турсаңыз, узак убакытка соолубай турат.

#айым
#айымдар
#пайдалуукенеш
#келинки
#билипал
#денсолук
#балдарым
#бишкек
#бактылууайым

1 — апрель күлкү күнүнүн келип чыгышы.
1-апрелде көпчүлүк өлкөлөрдө жакындарын, тааныштарын, досторун, туугандарын тамашага салып, күлдүрүп, кээде ачууга да тийип кетишет. Бул күн расмий түрдө белгиленбесе да, тамаша даярдалат. Орусияда ,Жаңы Зеландияда, Ирландияда, Улуу Британияда, Австралияда жана Түштүк Африкада бул күнү түшкө чейин бирин-бири тамашага салат. Эгер түштөн кийин тамаша кылгандар болсо «апрелдин келесоосу» аташат экен.
Бул майрамдын келиши жөнүндө ар ким ар кандай божомолдорду айтып келет: Европада бул күн он алтынчы кылымда жаңы жыл катары майрамдалчу экен. Кийинчерээк Француз королунун буйругу менен жаңы жыл 1-январга жылат. Көнүп калгандар болбой эле 1-апрелде жаңы жылды тосо беришет. Бул күнү жаңы жыл тоскондор «1-апрелдин келесоолору» деген атка конуп, шылдыңга туш болушкан. Францияда бул күнү элдер бири – бирине бош кутучаны белекке беришип, тамашага салышат. Ал эми дагы бир божомолу бул, Неаполдун королуна жер титирөөнү сезген балыкты кууруп келишкен. Бир жылдан кийин ал король ошол балыкты дагы жегиси келип буюрат. Бирок ашпозчу андай балык таппай башка эле балыкты мурдагысындай кылып кууруп, жасалгалап королдун алдына коет. Башка балык экенин сезген король ашпозчуну урушмак түгүл боору эзилгенче каткырыптыр. Ошондон бери 1-апрель күлкү күнү аталып калган деген имиштер айтылып келет.#кызык#кызык#билипал

#пайдалуукенеш
Статистикага таянсак ар бир экинчи жуп чатактан кийин үй бүлөсүн сактап калууга аракет кылбастан ажырашып кетишет экен.Жашоодо үлгүлүү үй бүлөдө дагы түшүнбөстүктөр болуп, жубайлардын ортосунда чыр чатактын келип чыгуусу табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Келип чыккан түшүнбөстүктүн жыйынтыгында айрым жуптар никесин сактап калууга аракет кылса, айрымдары ажырашып кетишет.
Аял-эркектин ортосунда чыр-чатактын келип чыгуу себептери арбын. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

1. Бири-бирине жылуу мамиленин жетишсиздиги же тескерисинче бири-биринен тажап калуу: Бул эки фактор тең үй бүлөгө терс таасирин тийгизет. Көпчүлүк учурда турмуштун түйшүгүнөн улам жубайлар бири-бирине жетиштүү деңгээлде көңүл бура албай калышат. Ал эми чыр-чатактын негизги өзөгү ушул нерседен келип чыгат. Экинчиден жубайлар тескерисинде бири-биринен тажап, өз алдынча болууга умтулушат.

2. Үй бүлөнүн күндөлүгү: Жашоо-тиричилик аял-эркектин бири-бирине болгон мамилесин сынайт жана татаалдаштырат деп бекеринен айтылбаса керек. Бирок мындай учур чогу түтүн булатуудагы алгачкы жылдары гана байкалышы мүмкүн. Жыл өткөн сайын үй бүлө турукташып, бардыгы бир нукка түшкөндөй болот. Мындай учурда аялга же эркекке бардык күндөр окшоштой сезилип, тажай баштайт.

3. Көзгө чөп салуу: Үй бүлөнүн туруксуз болушу, жаңжалдар, эби жок кызгануу, көңүлдүн жетишсиздиги, мунун бардыгы жүрүп отуруп түгөйлөрдү бири-бирин алдатууга алып келет. Ал эми мындай нерсени кечирүү кыйынга турат. Бирок түгөйүңүз кылган ишине чын жүрөктөн өкүнүп, кечирим сурай турган болсо ага мүмкүнчүлүк берүүнү ойлонуп көргөнүңүз оң.

Кандай гана карама-каршы көз караш жаралбасын "Мен өз чындыгымды далилдешим керекпи же бактылуу болууга умтулушум керекпи?,- деген суроону өзүңүзгө узатып көргөнүңүз оң.

Үй бүлөлүк туруксуздук болгон учурда психологдор колго кагаз алып, аны ортосунан экиге болуп, түгөйүңүздүн жакшы жана жаман сапаттарын жазып чыгууну сунуштайт. Андан соң кылдаттык менен анализ жүргүзүп, ошого жараша иш кылсаңыз болот. ⤵️⤵️⤵️

#пайдалуукенешkg
#билипал
Америкалык окумуштуулардын тобу белгилүү убакыттагы ачкалык адам организмине жагымдуу жагдай түзөрүн далилдешкен. Ачка болуунун пайдасы өзгөчө дем кыстыгуудан жапа чеккендерге пайдалуу. Организмдеги азыктын азайышы организмдин ички системасына чакырык таштап, кандай симптомдор болбосун күрөшүүнү активдештирет экен. Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөрПайгамбар сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан. Алардын бири катары мына минтип орозонун ден-соолукка тийгизен пайдасы арбын экенин айтып чыгышты.
Орозо Аллахтын парз кылган өкүмү болгону үчүн ага амал кылып жүргөн болсок, эми Аллахтын өкүмүндө инсан үчүн пайда бар экенин да сезе жүрөлүк. Ал пайда, бүгүн биздин акылыбыз жетип жаткан саламаттыкка жеткирген дарылоо жолу болсо, андан да улуусу биз али сезип, биле элек Акырет күнү чексиз сооп-сыйлыкка жеткирген жеңишибиз болот.

#пайдалуукенешkg
#билипал
Биздин күндөлүк турмушубузда джинсы кийимдеринин алган орду өзгөчө. Өзгөчөлүгү бул материалдардан тигилген кийимдерсиз жашоону элестете албай калдык. Ошондой болсо бул кийимдин кантип жууш керек деген суроо туулат?

1. Джинсы кийимдерин жылуу сууда жууган туура болот. Тагыраак айтсак, суунун температурасы 40 градустан ашпаганы жакшы. Ал эми кир жуугуч айнанын курамында агартууга арналган химиялык заттар болбошу керек. Ал кийимдин түсүн чыгарып жибериши мүмкүн.

2. Кара же болбосо түрдүү түстүү джинсыны уксус кошулган жылуу суу менен жууса жакшы. Бул ыкманын негизинде кийимди баштапкы калыбындагыдай сактап калууга болот.
3. Эскертип кетүүчү нерсе эгер кийимиңизди кир жуучу машинада жуй турган болсоңуз, сыккан учурда барабандын айлануусу 800 айн/мүнөттөн ашпашы керек.
4. Кийимди кир жуучу машинага салаардан мурда жабышкан кир жана жип-шууларды чайкап агызып салган жакшы. Ал кийимдин алгачкы формасынан айрылып калбашы үчүн керек.

#уйбулоо

MOST RECENT

#пайдалуукенеш
Статистикага таянсак ар бир экинчи жуп чатактан кийин үй бүлөсүн сактап калууга аракет кылбастан ажырашып кетишет экен.Жашоодо үлгүлүү үй бүлөдө дагы түшүнбөстүктөр болуп, жубайлардын ортосунда чыр чатактын келип чыгуусу табияттын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Келип чыккан түшүнбөстүктүн жыйынтыгында айрым жуптар никесин сактап калууга аракет кылса, айрымдары ажырашып кетишет.
Аял-эркектин ортосунда чыр-чатактын келип чыгуу себептери арбын. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

1. Бири-бирине жылуу мамиленин жетишсиздиги же тескерисинче бири-биринен тажап калуу: Бул эки фактор тең үй бүлөгө терс таасирин тийгизет. Көпчүлүк учурда турмуштун түйшүгүнөн улам жубайлар бири-бирине жетиштүү деңгээлде көңүл бура албай калышат. Ал эми чыр-чатактын негизги өзөгү ушул нерседен келип чыгат. Экинчиден жубайлар тескерисинде бири-биринен тажап, өз алдынча болууга умтулушат.

2. Үй бүлөнүн күндөлүгү: Жашоо-тиричилик аял-эркектин бири-бирине болгон мамилесин сынайт жана татаалдаштырат деп бекеринен айтылбаса керек. Бирок мындай учур чогу түтүн булатуудагы алгачкы жылдары гана байкалышы мүмкүн. Жыл өткөн сайын үй бүлө турукташып, бардыгы бир нукка түшкөндөй болот. Мындай учурда аялга же эркекке бардык күндөр окшоштой сезилип, тажай баштайт.

3. Көзгө чөп салуу: Үй бүлөнүн туруксуз болушу, жаңжалдар, эби жок кызгануу, көңүлдүн жетишсиздиги, мунун бардыгы жүрүп отуруп түгөйлөрдү бири-бирин алдатууга алып келет. Ал эми мындай нерсени кечирүү кыйынга турат. Бирок түгөйүңүз кылган ишине чын жүрөктөн өкүнүп, кечирим сурай турган болсо ага мүмкүнчүлүк берүүнү ойлонуп көргөнүңүз оң.

Кандай гана карама-каршы көз караш жаралбасын "Мен өз чындыгымды далилдешим керекпи же бактылуу болууга умтулушум керекпи?,- деген суроону өзүңүзгө узатып көргөнүңүз оң.

Үй бүлөлүк туруксуздук болгон учурда психологдор колго кагаз алып, аны ортосунан экиге болуп, түгөйүңүздүн жакшы жана жаман сапаттарын жазып чыгууну сунуштайт. Андан соң кылдаттык менен анализ жүргүзүп, ошого жараша иш кылсаңыз болот. ⤵️⤵️⤵️

#пайдалуукенешkg
#билипал
Америкалык окумуштуулардын тобу белгилүү убакыттагы ачкалык адам организмине жагымдуу жагдай түзөрүн далилдешкен. Ачка болуунун пайдасы өзгөчө дем кыстыгуудан жапа чеккендерге пайдалуу. Организмдеги азыктын азайышы организмдин ички системасына чакырык таштап, кандай симптомдор болбосун күрөшүүнү активдештирет экен. Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөрПайгамбар сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан. Алардын бири катары мына минтип орозонун ден-соолукка тийгизен пайдасы арбын экенин айтып чыгышты.
Орозо Аллахтын парз кылган өкүмү болгону үчүн ага амал кылып жүргөн болсок, эми Аллахтын өкүмүндө инсан үчүн пайда бар экенин да сезе жүрөлүк. Ал пайда, бүгүн биздин акылыбыз жетип жаткан саламаттыкка жеткирген дарылоо жолу болсо, андан да улуусу биз али сезип, биле элек Акырет күнү чексиз сооп-сыйлыкка жеткирген жеңишибиз болот.

#пайдалуукенешkg
#билипал
Биздин күндөлүк турмушубузда джинсы кийимдеринин алган орду өзгөчө. Өзгөчөлүгү бул материалдардан тигилген кийимдерсиз жашоону элестете албай калдык. Ошондой болсо бул кийимдин кантип жууш керек деген суроо туулат?

1. Джинсы кийимдерин жылуу сууда жууган туура болот. Тагыраак айтсак, суунун температурасы 40 градустан ашпаганы жакшы. Ал эми кир жуугуч айнанын курамында агартууга арналган химиялык заттар болбошу керек. Ал кийимдин түсүн чыгарып жибериши мүмкүн.

2. Кара же болбосо түрдүү түстүү джинсыны уксус кошулган жылуу суу менен жууса жакшы. Бул ыкманын негизинде кийимди баштапкы калыбындагыдай сактап калууга болот.
3. Эскертип кетүүчү нерсе эгер кийимиңизди кир жуучу машинада жуй турган болсоңуз, сыккан учурда барабандын айлануусу 800 айн/мүнөттөн ашпашы керек.
4. Кийимди кир жуучу машинага салаардан мурда жабышкан кир жана жип-шууларды чайкап агызып салган жакшы. Ал кийимдин алгачкы формасынан айрылып калбашы үчүн керек.

#уйбулоо

#билипал #денсолукkg Формалинге чыланган тоок, окорочкалар жоон ичеги жана эмчек рагына алып келет

Негизи европада, Кытайда, дегеле чет өлкөдө эт багытындагы тоокту балапан кезинен антибиотиктердин, дарылардын жардамы менен семиртишерин билсек деле көбүбүз тоок этине жабышабыз. Анткени баасы арзан, даярдаганга оңой. Өзөк жалгап алыштын оңой жолу да азыр гриль. Шам-шум эткенге мындан өтөөр кандай жакшы тамак бар? Бирок, гриль кыска убакыттын ичинде ден-соолукка канча зыян келтирип жатканын ойлогондор да билгендер да аз.

Гриль жасоо үчүн бүтүн тооктун бир нечесин чоң идиштеги ар кандай кошумаларга чылашат. Кыргызстандагы тооктун этинин дээрлик көпчүлүгү чет өлкөдөн экспорттолот. Эт эки түрдө: бүтүн бойдон жана жиликтенип (окорочка) алынып келет. Айрым сатуучулар грилди үйдүн тоогу, колго багылган деп сатышы да мүмкүн. Ага миң ишенсеңиз да кыргыз тоогу андай семирбейт. Негизи санитардык эреже боюнча тооктун эти эки жумадан ашык турбашы керек. Санитардык көзөмөлдү мындай кой, кээ бир учурда жумалап өтпөй тура берип бузулуп калган тоок эти кайра "свежий" болуп сатыкка чыгат. Кантип? Түнү бою уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты ар түрдүү татымдар, сарымсактын жардамы менен өлтүрүлүп, гриль жасоочу аппаратка келип түшөт. Эгер тооктун чийки эти мөөнөтүнөн өтүп кеткен болсо аны формалин менен жууп, жапжаңы кыла коюшат. Формалин суюк аралашма. Анын курамы 40 % формальдегид, 8 % метил спиртинен (көздүн көрүүсүн начарлатууга шарт түзөт) жана 52 % суудан турат. Этти, тооктун денесин былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруу касиети бар. Формалин организмге киргенде ичегидеги бүт микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөккө олуттуу зыян келтирет. Формалиндин зыяны аныкталган соң Европа өлкөлөрүндө колдонууга тыюу салынган. Бирок, жогорудагыдай ыкмалар дагы деле тынымсыз колдонулуп келет. Тооктун эти формалин менен иштелген, иштелбегенин билүү үчүн аны жыттап көрүү жетиштүү. Ал болоор-болбос дары жыттанып турат. Өкүнүчтүүсү ал бышкандан кийин формалин эмес андан башкасына чыласаң да билинбей даамдуу болуп чыга келет.

Мунун баарына ишенгиңиз келбесе да грилдин бул зыяндарын эске ала жүрүңүз.⤵⤵⤵⤵⤵⤵ #дастаркон
#денсоолук

#пайдалуукенешkg
#уйбулооkg
Эгер ысык үтүктүн бетине полиэтилен пакети жармашып калса, аны төмөнкүдөй кылып тазалаңыз: Алгач үтүктүн муздашын күтүңүз. Анан лак кетирүүчү суюктук менен сүртсөңүз, үтүгүңүз өз калыбына келип калат. Үтүктүн булганган бетин эч качан бычак менен кырбаңыз. Кадимки эле аш тузун кагаздын үстүнө төгүп, ысытылган үтүктү тузга жакшылап сүртүңүз. Таза жуулган кийимди гана үтүктөңүз. Жуулбаган кийимди үтүктөсөңүз, ал кийимиңизде так калып, кийин тактын кетиши кыйын болуп калат.
Өтө кургак кийимдин бырышын кетириш кыйын. Андыктан, мындай кийимди үтүктөөр­дүн алдында ага бир аз суу бүркүп алыңыз. Оңдон солду көздөй жана кийимдин кенен бөлүгүнөн тар бөлүгүнө карай үтүктөө туура болот. Ошондой эле туурасынан эмес, узунунан үтүктөө талапка ылайык. Кийимди таза кургаганга чейин үтүктөңүз. Болбосо ал кайра эле бырышып калат.
Синтетикадан даярдалган кийимдерди такыр эле үтүктөбөй койгон туура. Эгер бырышып калган болсо, анда аны жылуу үтүк менен гана бир аз үтүктөп коюңуз. Ачык түстүү кийимдерди сырткы бетинен үтүктөңүз, ал эми күңүрт түстүү кийимдерди ички бетине оодарып үтүктөгөнүңүз талапка жооп берет. Эркектердин көйнөгүн төмөндөгүдөй тартипте үтүктөө туура. Алгач оң жеңин, анан жакасын, сол жеңин, андан соң далысын, артын, жандарын, эң акырында алдын. Үтүктү үтүктөп жаткан кийимдин бир эле жеринде кармап тура бербеңиз. Антсеңиз кийимге үтүктүн изи түшүп калат. Үтүктөп жаткан кийимиңиз канчалык жука болсо, астына салынган буюм ошончолук калың болуусу керек. Жакшы ысыбаган үтүк ак кездемеге сары тактарды калтырып коёт.
Үтүктөлгөн кийим жылтырап калса, сууланган таза кездеме менен бир сыйра сүртүп, андан кийин үстүнө марля коюп дагы бир жолу үтүктөп коюңуз

#пайдалуукенеш #уйбулоо
#билипал

#билипал
Бала балмуздак жеп жатканда агып кетпеши үчүн желим же кагаз стакандын капкагынан сүрөттөгүдөй "тосмо" жасап коюу керек.
#пайдалуукенеш #пайдалуукенешkg #наристем #наристемkg #уйбулоо #уйбулооkg

1 — апрель күлкү күнүнүн келип чыгышы.
1-апрелде көпчүлүк өлкөлөрдө жакындарын, тааныштарын, досторун, туугандарын тамашага салып, күлдүрүп, кээде ачууга да тийип кетишет. Бул күн расмий түрдө белгиленбесе да, тамаша даярдалат. Орусияда ,Жаңы Зеландияда, Ирландияда, Улуу Британияда, Австралияда жана Түштүк Африкада бул күнү түшкө чейин бирин-бири тамашага салат. Эгер түштөн кийин тамаша кылгандар болсо «апрелдин келесоосу» аташат экен.
Бул майрамдын келиши жөнүндө ар ким ар кандай божомолдорду айтып келет: Европада бул күн он алтынчы кылымда жаңы жыл катары майрамдалчу экен. Кийинчерээк Француз королунун буйругу менен жаңы жыл 1-январга жылат. Көнүп калгандар болбой эле 1-апрелде жаңы жылды тосо беришет. Бул күнү жаңы жыл тоскондор «1-апрелдин келесоолору» деген атка конуп, шылдыңга туш болушкан. Францияда бул күнү элдер бири – бирине бош кутучаны белекке беришип, тамашага салышат. Ал эми дагы бир божомолу бул, Неаполдун королуна жер титирөөнү сезген балыкты кууруп келишкен. Бир жылдан кийин ал король ошол балыкты дагы жегиси келип буюрат. Бирок ашпозчу андай балык таппай башка эле балыкты мурдагысындай кылып кууруп, жасалгалап королдун алдына коет. Башка балык экенин сезген король ашпозчуну урушмак түгүл боору эзилгенче каткырыптыр. Ошондон бери 1-апрель күлкү күнү аталып калган деген имиштер айтылып келет.#кызык#кызык#билипал

Кесиптештериме эске салуу максатында,бул суротту чыгарууну туура чечтим)) 🎼 #билипал #музыкант #рэп #аткаруучу #Заманбап

Most Popular Instagram Hashtags