super_info_official super_info_official

602 posts   603,754 followers   2 followings

Газета "Супер-Инфо"  Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезитинин расмий баракчасы👆 Бишкек ш., Фрунзе к., 402; Тел.: 0(312)882700

– Сен келгенден бери ишибиз жүрүшпөй койду! Атамды жерге бердик, насыядан башыбыз чыга элек! Көк мээ иним сага кайдан үйлөнүп калды эле?!
– Эже, үйдөгү жамандыктардын баарына менин тиешем жок болсо керек...
Кайнежемдин ачуу сөз­дөрүнөн ушинтип коргоном. Үйдө кайненем, кайнатам, күйөөдөн бир кызы менен ажырашып келген кайнежем, эки кайын сиңдим менен жашачубуз. Жакында эле кайнатам каза болуп, жерге бердик. 3 жылдан бери насыя төлөп кыйналган күйөөм Нурбек атасын бул дүйнөдөн татыктуу узатам, эл эмне дейт деп намыстанып бирөөдөн үстөккө акча алып, карызга белчесинен батты. Үйдө Нурбек жалгыз эркек, каржы жагын толугу менен жолдошум тейлейт. Эки кайын сиңдимди окутуп, оорукчан кайненемди жыл сайын санаторийге дарылатып турат😴
Секелек кезимде чоң үй-бү­лөдө жашасам деп кыялданчумун, анткени кичине кезимде эле атам каза болуп, апам мени жалгыз тарбиялаган. Кайын журтум менен чогуу шаар четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайбыз. Жаңы конуш деген аты болбосо, кадимки айылдан айырмасы жок😢😢😢 💝Жүрөк сырын толугу менен баракчабыздын Сторис функциясынан окуй аласыз👆

😍КЫЯЛ – МАКСАТ😍

Сизге азыр жана келечекте чындап эмне керек экенин ойлонуңуз. Кыялданып баштаганда майда-чүйдө, кийим-кече, тамак-ашка жетүүнү самабай, чоң нерсени, мисалы, үй, акыркы үлгүдөгү автоунаа же кайсы бир чет өлкөгө саякаттап келүүнү, кирешелүү бизнестин башында турганыңызды кыялданыңыз. Майда-чүйдөгө бат жетесиз, анда кыялдануунун кызыгы кетет. Чоңду кыялдансаңыз, ага жетүү үчүн максат коёсуз, акырындап аракет кыла баштайсыз. Аракеттин биринчиси, ошол кыялыңызды күн сайын ойлонуңуз, башкаларга айтыңыз. Жакшы тилек - жарым ырыс. 🔎Толугу менен баракчабыздын Сторис функциясынан окуй аласыз👆

"Супер-Инфо" гезитинен "Көк-бөрү" тасмасына билет уткан жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!🙆🙆🙆
Сиздер бүгүн, 19-сентябрда тасманы биринчилерден болуп көрүү бактысына ээ болдуңуздар🙌
@_nadyrkulov
@alikuu_0801
@niiazkulova_official
@venera_030303
@gulzat_okumjanova
Жеңүүчүлөр сиздер билетиңизди бүгүн кеңсебизге келип, 15:00гө чейин алып кетиңиздер!🙋 Тасманын бет ачары бүгүн болот. Үлгүрүп калыңыз😎
Биздин дарек: Фрунзе 402, Исанов көчөсү менен кесилишет
Бул тасмага билеттер дагы ойнотулат😊 Биздин баракчаны акмалап туруңуз😉

#ДаанышманданАсылОй Бул ойго кошуласызбы? Комментарийге ой бөлүшүңүз👇👇👇
Сүрөттүн автору: Pascal Campion

Урматтуу окурмандар! Бул аптанын #БештиЧап оюнунда бактысын сынап 500 сомго ээ болгон жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз😘😘😘😘😘 _________
Оюнга катышкан ар бир окурманга ыраазычылык билдиребиз💞 👏👏👏 ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРДҮН ТИЗМЕСИ:

@gu.li4327
@amanbekov_abdumalik
@throneofexo
@bombina_bombei
@nazarbekov_video
🔷Бул оюнчулар табышмактын жандырмагын “Супер-Инфо” гезитинен Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү боюнча улуттук курамында 7-катар санында Рустам Тыналиев, 10-катар санында Манас Ниязов деп туура табышкан. 🔷 #БештиЧап828 жана @super_info_official деп туура белгилешкен👆
Ошондой эле атайын программа аркылуу кокустук тандоо менен жеңүүчү аталышты💖

Кийинки аптада байге сизге буюрушу мүмкүн😊
Жаңы тапшырма бейшемби күнү баракчабызга чыгат, жообун адаттагыдай эле “Супер-Инфонун” №829 санынан табасыз.
Кийинки жеңүүчү сиз болуп калышыңыз толук мүмкүн. Оюнга катышып байгелүү болуңуз.

Достор, бүгүн биз сиздер менен Түз эфирде жолугабыз🙆 Өткөрүп жибербеңиз!🙌 Саналуу сааттардан кийин, тагыраагы 18:30да баракчабыздын Түз эфири аркылуу #Бештичап оюнунун кезектеги жеңүүчүлөрү аныкталат✊ Түз эфирде 500 сомдон ута турган 5 адамдын бири сиз болуп калышыңыз толук мүмкүн😍
Сиздерге ийгилик каалайбыз😙😙😙
#БештиЧап
#БештиЧап828

Таланттуу режиссëр Руслан Акундун “Көк-бөрү” тасмасын биринчилерден болуп көргүңүз келеби? Анда оюнга катышып, эртең, 19-сентябрда боло турган тасманын бет ачарына билет утуп алыңыз!
Оюндун шарттары:
🔷Бул постко Жакты белгисин басып, баракчаңызга репост кылыңыз. 🔷Комментарийге 5 досуңузду белгилеңиз👇
Эгер репост кылганды билбей жатсаңыз, бул сүрөттү көчүрүп @super_info_official жана #СуперИнфодонКөкБөрүгөБарам же #СуперИнфодонКокБоругоБарам деген хештегти туура жазып баракчаңызга жайгаштырыңыз🙌
🔷Баракчаңыздар ачык болушу керек!
🔷Билеттин ээлерин Рендом-пикер аттуу программа аркылуу аныктайбыз!
Тасма эртең, 19-сентябрда “Cosmo Park” кинотеатрында болот.
🔷Оюндун 5 жеңүүчүсү эртең, 12:00дө аныкталат.
🔷Жеңүүчү болгондор билетти 15:00дө кеңсебизге келип алып кете алышат.
Достор шамдаңыздар!🙆🙆🙆

"СУПЕР-ИНФОНУН" ЖАҢЫ САНЫН БАРАКЧАБЫЗДЫН СТОРИС ФУНКЦИЯСЫНАН ОКУҢУЗ☝ Сүрөттү солго жылдырыңыз👈
↩АКШда оор жүк ташуучу унаа айдап иштеген Айзаада Асакеева: “Нью-Йорк шаарында чоң тыгын жараткам”😎
🔘Айпери Кубик кызы: “Уулумду инилүү же карындаштуу кылгым келет”👶
↩Москвада мекендештерин машина менен тебелетип салган кыргыз жигиттин карындашы: “Балдар мени мазактап ыйлатышканда, байкем мени коргоду. Бардык байкелер карындашын коргомок”😔
🔘Ош базарга күнүгө келип түшкөн 200дөй малдын этин ветеринарлар көз менен эле текшерип коюшабы? Таңкы эт базардан репортаж🍖🍗
↩Расул Маматкулов: “Балдардын сахнага чыгышын көп деле каалабайм. Бирок талант түрткүлөп турат экен”💐
🔘“Биз там салып жашап баштаганда бул жерде чөөлөр улуп, шамал ышкырып турчу”. Ырчы Мухтар Атаналиев үйү менен тааныштырат💒
↩Бала жытын тартуулаган ЭКО ыкмасы тууралуу айтып беребиз👫👬👭

Ырчы Нуркыз Кожонова учурда Түркиянын Анталья шаарында эс алып жүрөт. Жыл сайын өзү үчүн убакыт бөлүп чет өлкөдө эс алууну адат кылып алган ырчы акыркы жаңылыктары менен тең бөлүштү: "Курбум экөөбүз Анталья шаарында эс алып жүрөбүз. Мурун да көп келчүмүн. Эки ырымдын клибин да Түркиядан тарткам. Эс алуу учурунда кызыктар көп болот . Кечээ мейманканабыздын жанында түрк жараны үнүн болушунча чыгарып алып унаасында жыргап биздин “Кара жоргону” угуп бара жаткан экен. Биз таң калып эле карап калдык. Кубанганым, бул жакта да кыргыз ырларын угушат экен. Негизи эс алуу ойдогудай болуп жатат. Эс алуудан кийин чыгармачылыкка билек түрө киришейин деп жатам".
#СуперИнфонунЖаңыСанында💖💖💖 #НуркызКожонова
@nurkyz_kozhonova

– Менин оордугум катуу тийип жатабы силерге, балам? Өз үйүмдөн кетип, кайда барам мен? – Ойлогонуңуз эле жамандык. Биз, тескерисинче, сыр-мырдын жытынан алыс болсун деп жатпайбызбы. Дайыма келиниңизден эле кыйкым таап турат экенсиз,- деди уулу корс эте.
Шагы сынган эне үшкүрө отуруп калбаспы. Күңкүлдөп, өткөн жумада эле келини уулунун кулагын жеп жатканын уккан. «Качан адамча жашайбыз? Эки бөлмөлүү үйдө тыгылып өлө турган болдук. Жок дегенде энеңди туугандардыкына жеткирип салбайсың. Качанкыга чейин баарыңдын кир-когуңду жууп жүрөм? Мен да кең-кесири жашагым келет». «Тилде сөөк жок» деген ушу белем, келини бежиреп далайга сүйлөнгөн. Ортолорунан чыр чыгып кетпесин деп, эне укса да укмаксанга салып койгон эле. Кантсе да ичинен чыккан баласы келиндин сөзүнө кирет деп үч уктаса түшүнө кирген эмес💔😢
🔘Жүрөк сырын толугу менен баракчабыздын Сторис функцисында👆

"СУПЕР-ИНФО" гезитине жарнамаңызды -50 пайыз арзандатуу менен жайгаштырууга үлгүрүп калыңыз🤗
Акция 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт😊
Жарнама бөлүмүнүн телефону:
0312 88 27 77
0557 75 63 60

Most Popular Instagram Hashtags