iyman_ordosu iyman_ordosu

113 posts   2,029 followers   1,602 followings

☪️Ыйман Ордосу ↔️Facebook🔁  Iɣɱɑɳσɽɗσʂʋ ☪️🕌🇰🇬 🇰🇬 🕌🕋Facebook ЫйманОрдосу◀️ 📩📲+4040 FollowOn@yimanordosu ⬅️

Кечиримдүү болуу –жашоонун эң негизги мыйзамдарынан. Бирөөнү кечиргенде ооз жүзүндө эмес чын ыкластан, ак дилден кечирүү керек. Кечирмдүү болуу деген сөз башка бирөөнүн көз карашын сыйлап, урматтап, аны түшүнө билүүгө аракет кылуу деген эле сөз.#өмур #Жашоо #бакыт #Намаз #Куран #Кыргызстан #ЖалалАбад #Ар #Бир #Жакшылык #Садака #Кыргызстан #Ош #Бишкек #Нарын #ЖалалАбад #Талас #Баткен #ЫсыкКөл #Казахстан #Узбекистан #Таджикстан #Кавказ #уммапророкамухаммадаﷺ #Зикр #Намаз #Жашоо #максат #Ыйманордосу

Бүткүл ааламдардын жаратуучусу болгон Алла Таалага мактоолор, пайгамбарлардын мырзасы Мухаммадга салам жана салаваттар болсун. Урматтуу мусулман бир тууган, Ислам дининин үчүнчү түркүгү болуп эсептелген зекеттин өкүмү ар бир бай кишиге милдеттүү түрдө жүктөлөт. Ошондуктан, зекет жөнүнүндө бир аз токтоло кетсек. «Зекет» - деген сөздүн сөздүктөгү мааниси – тазалоо, النماء - өсүү, көбөйүү. Ал эми шариятта болсо – Байлыкты кедей мусулманга анын ордуна эч нерсе албастан ээлик кылдыруу. (Канзул Дакоик)

Зекет берүү – Исламдагы өтө чоң милдет. Алла Таала өз китебинде 82 жерде наамаз менен кошо зекет берүүнү айтып кеткен. Булардан башка да зекеттин өзүнө да өкүм берилген жерлер бар. Пайгамбарыбыздын белгилүү хадисинде бар: « Ислам беш нерсеге курулган: 1) Аллага ишенүү, 2) Намаз тургузуу, 3) Зекет берүү, 4) Орозо тутуу, 5) Ажылык кылуу». Уламалардын баары айтышкан, намаз менен зекеттин бирөөсүн жок деген адам капыр болот. Мына ушул беш нерсе Исламдын негизи, ушулар негизги ибадаттар. Мына ушул нерселер Исламдын негизи деп белгиленген.

Алла Таала айтат:

وَ أَقِيمُوا الصّلَاةَ وَ آتُوا الزَّكَوةَ وَ ارْكَعُوا مَعَ الرَّكِعِين سورة بقرة 43

Мааниси: « Намазды тургузгула, зекет бергиле жана рүкү кылгандар менен бирге рүкү кылгыла» (Бакара: 43)

Бул аяттан өтө терең маанилер чыгат. Баардык ибадаттардын эң улуусу намаз, ошондуктан намазды биринчи алып келди. Анан кийин зекет, ошондуктан аны андан кийин айтты. Зекет берүү Алланын берген нерселерине шүгүр кылуу болуп эсептелет.

Ашраф Али Танви (Алла ырайым кылсын) мындай деп жазган: Исламдагы амалдар жана ибадаттар эки түрдүү: ички жана сырткы. Сыркы амалдар дагы эки түрдүү – дене менен ибадат кылуу жана байлык менен ибадат кылуу. (Баянул Куран)
📱Хидаят Kg

#өмур #Жашоо #бакыт #Намаз #Куран #Кыргызстан #ЖалалАбад #Ар #Бир #Жакшылык #Садака #Кыргызстан #Ош #Бишкек #Нарын #ЖалалАбад #Талас #Баткен #ЫсыкКөл #Казахстан #Узбекистан #Таджикстан #Кавказ #уммапророкамухаммадаﷺ #Зикр #Намаз #Жашоо #максат #Ыйманордосу

Most Popular Instagram Hashtags